Кызыл-Токой айылында имамдын демилгеси менен турмушу оор үй-бүлөгө бир тай берилди

Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылынын имамы Раталы Бүркүтбаевдин демилгеси менен айылдагы турмуш шарты оор Жаныбектин  (аты үй ээсинин суранычы менен  өзгөртүлүп берилди)  үй-бүлөсүнө бир тай берилди. Кайрымдуулук саамалыгы айыл тургуну  Мирлан Кайназаров тарабынан ишке ашырылып, ал  өздүк чарбасынан аталган үй-бүлөгө малынын  зекетин тапшырган.

Бул үй-бүлө эч жерде иштешпейт жана балдары мектепте окушат. Бир топ карызы да бар бар экен.  Облус казысынын тапшырмасына ылайык аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  элет жеринде жашап жаткан калкка кызмат көрсөтүп, алардык социалдык абалын жакшыртуу программасы боюнча уюштурула бермекчи,-деди Раталы Бүркүтбаев.