Ошто «Кыргыз жараны – жалпы жарандык интеграциялашуу» концепциясы талкууланды

КР Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз жараны – жалпы жарандык интеграциялашуу концепциясын талкулоо болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев,  Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, облустук жана шаардык мекеме ишканалардын өкүлдөрү жана укук коргоо органдары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз жараны – жалпы жарандык интеграциялашуу концепциясынын негизги милдеттери түшүндүрүлүп, жалпы улуттук жарандык бирдейликти илгерилетүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды. Андан соң, облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев “Коомдо сабырдуулукту жана көп түрдүүлүктү сыйлоо маданиятын бекемдөө” темасында сөз сүйлөп, Ислам дининдеги маданияттын жана сабырдуулуктун орду боюнча кеңири түшүндүрүп берди.

Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучулардын макулдугу менен алдыдагы иш-чараларды биргеликте жүргүзүү механизмдери кабыл алынды.