Ош облустук казыяты жыл жыйынтыгын чыгарууга камдана баштады

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилиги алдында райондук башкы имам-хатибдерге жыйын болуп өттү. Жыйынга 7 райондун баш имам хатибдери тарабынан элге динди жайылтуу жана диний кырдаалдагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруу жана мечиттерди каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалымат берилип, жетишкендиктер менен кемчиликтер белгиленди. Мындан сырткары диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциянын алкагында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруу, ысырапкерчиликтен сактануу боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле райондордун башкы имам хатипчиликтеринин уставдарын юстициядан каттоо, мечиттердин каттоосун тездетүү жана башкы имам-хатибдерге атайын форма тиктирүү боюнча иш-чаралар бекитилди. Соңунда райондук башкы имам-хатибдердин жана айыл өкмөттөрдүн жооптуу имам-хатиптеринин бир жылдык отчетторун 11-декабрда  масштабдуу деңгээлде кабыл алуу боюнча тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, Ош облусунда 7 райондун башкы имам-хатиптери, 91 айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатиптери жана 873 мечиттин имамдары бар.