Азирети Муфий Максатбек ажы Токтомушев Иркутск шаарындагы мекендештерибизден кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфийи Максатбек ажы Токтомушев Иркутск  шаарындагы Кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Мекендештерибиз менен болгон жолугушуу шаардагы борбордук мечитте өтүп, ага Иркутск облусунун Азирети Муфтийи Фарид Мингалиев, Азирети Муфтийдин  кеңешчиси Неъматилла Абдуллаев катышты.  Азирети Муфтий жашпы мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, үй-бүлөнү сактоо, адал ырыскы, берекелүү жашоо, ынтымактуулук, эне-тили жана балдардын тарбиясы, экстремизмге каршы күрөшүү, Ханафий мазхабын терең үйрөнүү, мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча баяндама жасады. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи кандай гана шарияттык негиздеги суроолор жаралбасын дин аалымдарына, Муфтиятка кайрылууга чакырды.