Кожояр айылынын тургундары имамын умрага жөнөтөт

Ысык-Көл районунун Кожояр айылынын имамы Эрмек Абылкасымовго умра (кичи ажылык) сапарына жолдомо белек кылынды. Имамдын айыл үчүн кылган кызматын, аткарган иштерин айыл жаштары баалап, ушул демилгени колго алышкан.  Эрмек Абылкасымов аталган айылда он үч жылдан бери имамчылык кылып келет.

“Айылыбыздын жаштары ушинтип эмгекти баалап, сыйлап жатканына аябай кубанып турам. Алла Таала ыйык сапарга демөөрчү болуп жаткан жаштарыбыздын үй-бүлөлөрүнө тынчтык, береке, бекем ыйман жана жакшылыктарын берсин. Бул да болсо, айылыбыздын ынтымагынан кабар берет, ынтымагыбыз мындан ары да бекемделе берсин”, — деп өз ыраазылыгын билдирди айыл имамы.

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиевдин айтымында, буга окшогон кубанычтуу иш-чара райондо экинчи жолу болуп жатат. Өткөн жылы Кашат айылынын эли да айыл имамын умрага барышына демөөрчүлүк кылышкан.