Абдималик ажы Турсунбеков Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту

Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Абдималик ажы Турсунбеков Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенттери менен жолугушуп, «Диний радикализмдин таралуусунун алдын алууда дин кызматкерлеринин орду» аталышында лекция өттү.

Жолугушууда Абдималик ажы радикализмдин алдын алууда дин кызматкерлеринин орду, азыркы күндөгү диний абал, учурдагы актуалдуу болуп жаткан никаб же паранжа маселеси, Аалымдар Кеңешинин токтомунун негизинде матуриди акыйдасын терең үйрөтүүгө багытталган сабактардын уюштурулуусу жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, анын ичинде казыяттардын жана Аалымдар Кеңешинин түзүмү, ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды айтып, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун соңунда жалпы студенттерди билимди терең окуп-үйрөнүүгө чакырып, элибиздин, журтубуздун ынтымагын, тынчтыгын тилеп дуба кылды.