Өзгөндө имамдын демилгеси менен масштабдуу кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду

Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Красный-Маяк айыл имамынын демилгеси менен масштабдуу кайрымдуулук жасалды.

Калктын соцалдык маселелерин чечүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жана элди кайрымдуулукка үндөө максатында айыл имамы Уларбек ажы  Самиев жергиликтүү эл жана айылдын мигрант эр-азаматтары менен биргеликте масштабдуу кайрымдуулук иш-чарасын уюштурулду.

Анын алкагында Красный-Маяк айылынын тургундары тарабынан 86 баш кой, 3 бодо мал жана бир жылкы жыйналып, ошол эле айылдын соцалдык абалы начар жана аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө бөлүнүп берилди.

“Бул иш-чара айыл имамы Уларбек ажы Самиевдин биринчи демилгеси эмес, бул сыяктуу изги иштерде ат салдырбаган үлгүлүү дин кызматкери. Жараткан Эгебиз кайрымдуу элибизге береке берсин, колдоп-кубаттаган жаштардын келечегин кең кылсын жана ар дайым ушул сыяктуу чоң, сооптуу иштерди уланта берүүсүн насип кылсын”, — деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.