Чоң-Алай районундагы мечиттердин кышка даярдыгы кызуу жүрүүдө

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондун аймагындагы мечиттердин кышка даярдыгын жана тазалыгын текшерүүдө. Текшерүүнүн алкагында аталган райондун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн борбордук мечитине барып, мечиттин кышка камылгасы, тазалыгы, намаз убактылары жана коопсуздук үчүн коюлган видеокамералары менен таанышып, имамдарга бир катар тапшырмаларды берди.

“Мечитке келген ар бир жарандын коопсуздугу сөзсүз камсыздалышы керек. Бул боюнча алдыга максаттуу пландарды коюп, районубуздагы борбордук жана жума окулуучу мечиттерге видео байкоо камераларын орнотууну көздөгөнбүз. Анын алкагында бир канча мечиттерге камералар коюлду. Кудай буйруса, дагы да аракет кылып, бардык мечиттерибиз камера менен камсыздалгандай кылабыз”, — деп билдирди райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов.