Өзгөн районунун баш имам-хатиби Койчу Датканын рухуна багыштап Куран окуду

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Койчу Датка Жаман бий уулунун айкелинин ачылышына арналган аземге катышты.

Аталган айкел Бишкек-Ош унаа жолунун Өзгөн районундагы бөлүгүнүн жол жээгине орнотулган.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана республиканын ар кайсы облустарынан келген коноктор катышты.

Койчу датка Жаман бий уулу (1812-1868) элге көрүнүктүү кызмат өтөгөн, мамлекеттик саясий ишмер, эл эскерип барктаган белгилүү инсандардын бири болгон. Тарыхта Кокон хандыгынын учурунда таасирдүү роль ойногон Койчу датка Шааркан, Ташкент шаарларында бектин кызматын да аркалаган деп эскерилет.

Ачылыш аземдин соңунда райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров атактуу Койчу Даткага жана жалпы көзү өткөн маркумдарга багыштап Куран окуп, өлкөбүздүн тынчтыгын, журтубуздун бүтүндүгүн тилеп, бата кылды.