Дагы бир имамдын эмгеги бааланып, умрага жолдомо тапшырылды

Талас районундагы Кара-Суу айылынын тургундары айыл имамы Райымберди Өмүралиев умра сапарына жолдомо белек кылышты. 

Райымберди Өмүралиев аталган айылда 20 жылдан бери имам болуп эмгектенип келет. Эмгеги эл тарабынан бааланганына кубанган айыл имамы:

«Чындыгында күтүүсүз белек болду. Имамдардын кылган иши эл тарабынан бааланып жаткандыгы жакшы жышаан. Баарыңыздардан Аллах ыраазы болсун. Мындан кийин да эл үчүн кызмат кыла беребиз», — деди.

«Расул Акрам» ислам институтунун мугалими Белек Турдалиев жолдомону тапшырып жатып, «Имамдар Жараткандын ыраазычылыгы үчүн элге талыкпай эмгек кылып жатышат. Бул үчүн айлык акы да алышпайт. Сиздердин бул белегиңиздер дагы да дем күч болот», — деди.