Ак-Сууда экстремизмдин кесепеттери тууралуу жыйын өткөрүлдү

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын уюштурулду. Жыйынга райондук администрация өкүлдөрү, ИИМдин Ысык-Көл облустук ОИИББнен өкүлдөр, айыл активисттери жана райондун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахманов катышты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний уюмдар, китептер, интернет сайттары тууралуу маалымат берилди. Экстремизм темасына кошумча, улуттук нарк, салттуулукту сактоо менен калкыбыздын ички руханий баалуулуктарын сактоо, өсүп келе жаткан муунга таалим-тарбия берүү, адам баалуулуктары боюнча пикир алышуу боду. Чогулушта Асантур ажы да баяндама жасап, ислам дининде экстремизм, терроризм деген түшүнүк жок экенин айтты.

“Ислам дини — тынчтыктын дини. Мусулман адам бирөөнүн тынчтыгына, намысына, жанына, малына коркунуч туудурбайт. Анткени пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): “Чыныгы мусулман башка мусулмандарга тили менен да, колу мененда зыян бербейт”, — деп айткан. Мусулман адам террорист болбойт. Болушу мүмкүн эмес. Ал эми кээде маалыматтын аздыгынан же илимдин жоктугунан башка адамдардын, башка түшүнүктөгүлөрдүн жетегине кирип кетип, адашып калуулар болуп жатат. Ошол себептен илим алышыбыз керек. Ислам деген сөздүн өзү “тынчтык” деген мааниге келет. Динибиз тынчтыкты туу туткан дин” — деди райондун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахманов.

Баш имам-хатиб экстремист бир эле динде эмес, башка тармактарда да болорун кошумчалады.