Жакында 24 саат Куран хатм саамалыгы түз эфирге чыга баштайт

Кечээ, 28-ноябрь күнү баш калаадагы «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитинде жалпы имамдарга кезектеги жыйын өткөрүлдү. Жыйын башында Гоголь 53 көчөсүндө жайгашкан борбордук мечитке белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын алгачкы муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун аты ыйгарылгандыгы тууралуу маалымат берилип, андан соң төмөнкү маселелер каралып, бир катар тапшырмалар берилди.

 — 24 саат Куран окуу боюнча;

— Жылдык отчётторго даярдык;

— Муфтият жана казыяттан берилген тапшырмаларды аткаруу;

— Мечиттердин тазалыгы жана кышка даярдыгы;

— Ысырапкорчулук жана экстремизм, терроризмден алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары.

 «Баарыңыздарга белгилүү болгондой, «24 саат Куран хатм» саамалыгы ушул жылдын 8-ноябрында Азирети Муфтийдин демилгеси башталган. Ушул тарыхый иш-чараны жайылтуу максатында шаардагы жалпы имам-хатибдерге тапшырма берип жатабыз. Буйруса ар бир мечитте экрандар орнотулуп, 24 саат бою Куран угууга болот. Жакынкы күндөрдө ютуб баракчабыздан борбордук мечитте үзгүлтүксүз окулуп жаткан Куранды көрө аласыздар. Куран окулуп турган жерде нур, тынчтык, береке болот. Ар бир хатмдын соңунда дүйнө жүзүнө, мамлекетибизге, эли-журтубузга дуба кылынат. Ушундай тарыхый иш-чарага себеп болгон жана көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз», — деди Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов. 

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап 24 саат Куран хатм ютубдагы муфтияттын жана «Куран ордосу» каналынан түз обого чыга баштайт.