Бакыт ажы Кайкиев Бирлик айылынын тургундары менен жолугушуп, элет элине насаат айтты

Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев Бирлик айылынын мечитинде эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда калайыкка маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери, ысырапкорчулуктун кесепеттери, жалпы шарият нормалары, эл ичиндеги ынтымак жана биримдик боюнча баяндама жасады.

“Урматтуу жамаат, Алла Таала куранда: “Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла! Чындыгында Алла ысырапкорлорду жакшы көрбөйт” деп айткан. Ысырапкорчулук бул — колдонуп жаткан нерселерибизди жетиштүү болгон чектен ашыра колдонуу. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да хадисинде: “Текеберленбестен жана ысырап кылбастан  жегиле, садака бергиле, кийингиле!” деген. Демек туугандар, динибиз жакшы, жарашыктуу кийинүүдөн, жакшы тамактануудан тыйбайт, бирок ошол нерселерде ысырап кылбоо керек. Ал эми биз ич ара ынтымакты бекемдеп, биримдикте болушубуз кажет. “Момундар — бир тууган”. Ислам дининин ааламга жайылышы жана күчтөнүшү да мына ушул мусулмандардын арасындагы бир туугандыктын бекем болушу себеп болгон. Жараткан кудай таала ортобузга ынтымак берсин”, — деп элет элине насаатын айтып, батасын берип кайтты баш имам-хатиб.