Бишкек шаарында республикалык Куран жарыштын тандоо туру өттү

Кечээ, 28-ноябрь күнү ордо калаадагы «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте Бишкек шаары боюнча Куран жарышы болуп, тандоо туруна 50 дөн ашуун талапкерлер катышты.

Конкурс Куран окуу менен башталып, Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов жалпы катышуучуларга ийгилик каалап, дубасын берди.

Куран жарышынын шаардык этабы үч категория боюнча уюштурулуп, төмөнкүлөр жеңүүчү болуп аныкталды:

  • 30 пара жат окуу боюнча — Мирбеков Мухаммад кары
  • 10 пара жат окуу боюнча — Зувурбеков Нурмухаммад кары;
  • Куранды тажвид эрежеси менен кооз окуу боюнча — Ташматов Абдумалик кары.

Эскерте кетсек, 3 категория боюнча биринчи орунду ээлеген бул карылар 2023-жылдын 6-7-декабрь күндөрү борбор калаадагы «Имам Сарахсий» башкы мечитинде өтө турган республикалык Куран жарышында ат салышат.