Өзгөндө айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 29-ноябрь күнү Ош облусунун Өзгөн райондук хатибиятында райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарына жыйын болуп өттү.

Жыйынга  Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана жооптуу имамдары катышты.

Жыйын ыйын Куран окуу менен башталып, негизги тема катары мечиттердин тазалыгы, жылуулугу, мечитке тиешелүү документтер, мааракелердеги ысырапкерчиликтин алдын алуу жана имамдардын жоопкерчиликтүүлүгү боюнча маселелер каралып, бир катар тапшырмалар берилди.

«Кыш мезгили жакындап, суук түшө баштады. Биздин эң алгачкы ишибиз мечиттерди жылуулук менен камсыздоо. Андыктан алдын ала жигердүү иштеп, камылгабызды кылып алалы. Ар бир имам өз мечитине жана жамаатына кам көрсүн”, — деди Акжол ажы Бакиров.