Максат кары Сидиков: «Ар бир имам өз жамаатына жооптуу»

Ош облусунун Араван районунун борбордук «Ар-Рохман» мечитинде райондогу жалпы имамдарга КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык элди нарктуулукка жана салттуу исламга үгүттөө, мечиттердин кышка даярдыгы жана имамдардын жыл ичинде аткарган иштеринин отчётуна багытталган жыйын болуп өттү.

Жыйынды райондун баш имам-хатиби жетектеп, имамдардын коомдогу ролу жөнүндө сөз кылды:

“Диний кызматкерлер ар бир аракети, сүйлөгөн сөзү  менен башкаларга үлгү болушу керек. Ошондой эле мечит жамаатынын бардык диний аракеттеринен жооптуу. Эгер жамаатта жакшы иштер аткарылса сообуна, мунун тескериси болсо күнөөсүнө да шерик болот. Ошондуктан сүйүктүү пайгамбырыбыз (с.а.в) өз хадисинде айткандай: «Бир жаман ишти көрсөң колуң менен кайтар, болбосо тилин менен кайтар, ал дагы колуңдан келбесе жүрөгүң менен жаман көр». Биз жамаатыбыздын эч бир ишине кайдыгер карабашыбыз керек», – деди райондун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков.