Ак-Суу районунун баш имам-хатиби мектеп окуучулары менен жолукту

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы академик М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын жогорку класстын окуучуларына райондун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахмановдун катышуусунда семинар өтүлдү. Сабак зордук-зомбулук, балдар арасында рэкетчилик, экстремизм жана эрте куракта турмуш куруунун кесепеттери жөнүндө болуп, балдар пайдалуу маалымат ала алышты.

“Алла Таала хадиси кудсиде: “Мен өзүмө зулумдукту арам кылдым. Силердин (адамдар) ортоңордо да арам кылдым. Бири-бириңерге зулумдук кылбагыла!” — деген. Демек, биздин зулум кылуубуз арам, тыюу салынган. Силер да ортоңордо бириңе-бириң зулум кылбагыла. Рэкетчилик кылуу, чоң класстын кичүү класстын окуучуларына чоң болушу, басынтуу ж.б. нерселер баары зулумдук болуп саналат. Ал эми экстремизм, терроризм болсо, аруу, таза динибизге ислам душмандары тарабынан жармашылган нерсе. Мусулман адам террорист болбойт. Динди туура, ишенимдүү тараптан үйрөнүш керек. Интернеттен, ар кайсы сайттардан үйрөнбөстөн расмий, илимдүү диний кызматкерлерден үйрөнгүлө”, — деди райондун баш имам-хатиби.

Асантур ажы Абдрахманов мыйзамда 18 жашка чыга элек кыздарга нике кыюу тыйылганын кошумчалады.