Баткен облустук казыятында отчёттук жыйын өткөрүлүп, алгылыктуу иш алып баргандар сыйланды

Кечээ, 29-ноябрь күнү Баткен облустук мусулмандарынын казыятында  аймактагы район-шаарлардын баш имам-хатибдерине жана медресе мүдүрлөрүнө жыйын болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, сунний багытындагы Матуридий акыйдасы жана Ханафи мазхабын бекемдөө, калк менен жүргүзүлгөн иштер, жаштар жана аялдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттенүү, эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттерди каттоо, маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташуу жана түрдүү маселелер боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер каралды.

Жогорудагы маселелер боюнча район-шаарлардын баш имам-хатибдери менен медресе мүдүрлөрү аткарган иш-аракеттери туурасында отчёт беришти. Ал эми облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров баш имам-хатибдерге кызматтын аманат экенин эскертип, «Ар бир кылган кызматыбыз жалгыз гана Алланын ыраазычылыгы үчүн болушу керек. Жыл ичинде канчалаган иш-чараларды өткөрүп, диний маданияттын өнүгүшү, элдин ынтымагы, тынчтыгы үчүн жана жаштарды адептүүлүккө чакыруу багытында түрдүү иш-чараларды уюштуруп кызмат өтөдүңүздөр. Ушунуңуздардан жазбай, дагы да үлгүлүү иштерди аткара бериңиздер. Медресе жетекчилерине айтарым, бүгүнкү медреседе билим алып жаткан ар бир студент бул — өлкө келечеги, андыктан аларга ар тараптуу көнүл буруу, шарт түзүү зарыл», – деп билдирди.

Жыйын соңунда келечектеги иш-чаралар планы талкууланып, айрым кызматкерлерге өз ишин так алып баруу жагы эскертилди. Ошондой эле маалымат каражаттары менен мыкты иш алып барган кызматкерлер казыяттын Ыраазычылык каты менен сыйланды.