«Нур» медресесинде футбол мелдеши өттү

Кечээ, 30-ноябрда Баткен районундагы «Нур»  медресесинин студенттери арасында спорттун кичи футбол оюну боюнча мелдеш өттү.

«Спорт ден соолукту эле эмес, ынтымакты, достукту бекемдейт. Ошондой эле динибиз да сергек жашоого чакырат. Андыктан студенттерди ар тараптан өнүктүрүү үчүн аталган иш-чара уюштурулду», — деди медресе мүдүрү Абдураман ажы Гапаров.

Спорт оюнунун жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан достук мелдешке катышкан командаларга баалуу белектер тапшырылды.