24 саат Куран окуу саамалыгы YouTube дагы «Куран Ордо» каналынан түз эфирге чыга баштады

Бүгүн, 1-декабрь күнү Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгын YouTube баракчасына түз эфирге чыгарууга старт берди.  

«Бүгүнкү күн биз үчүн тарыхый күн. Себеби, «24 саат Куран хатм» окууну дүйнө жүзү көрүүсү үчүн аракет жасадык. Бүгүн ошол максатыбызга жетип, жалпы жамаатыбыз менен ютуб баракчасына түз эфирге чыгарууга старт бердик. Эми 24 саат Куран хатмды ютубдагы «Куран Ордо» каналынан түз эфирден көрө аласыздар. Ушундай  тарахый иш-чарага салымы бар бардык инсандардан Алла Таала ыраазы болгон болсун. Чындыгында бир кишинин эмес, Куранга берилген көптөгөн кишилердин жардамы менен ушундай натыйжага жетип олтурабыз. Ар дайым элибизде тынчтык, береке болсун. «24 саат Куран хатм» кыяматка чейин токтобостон окулуп туруусун Жараткандан тилейбиз», – деди шаар казысы.

Шаар казысы дүйнө жүзү боюнча онлайн түрүндөгү Куран окуу эки өлкөдө гана окуларын, Кыргызстан үчүнчү болуп катарга киргенин билдирди.

Жандуу Куран хатмды көрүү үчүн бул шилтемени зыярат кылыңыз:

https://www.youtube.com/watch?v=QsTZNex60FA