Баткен казысынын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жасалды

3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата Баткен район-шаарындагы  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга  жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабировдун демилгеси менен район-шаарда жашаган  үч жаранга 10 миң сомдон кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.

Кайрымдуулук жардамды облус казысы өзү тапшырып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды сабырдуу болууга чакырып, бул Алла Тааланын сыноосу экендигин, анын белегин Алла Таала Өзү бере тургандыгын билдирди.

«Жараткан буюрса, мындай иш-чараларды токтотпостон уланта беребиз. Бүгүнкү саамалыкка   салым кошуп жаткан  бардык  жаранга терең ыраазычылык билдиребиз. Мындай соопчулук иштерди дайыма уюштуруп турушубуз керек. Анткени булар чындап жардамга муктаж бир туугандарыбыз», — деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы район-шаарлардын баш имам-хатибдерине кайрымдуулук иштерин уюштуруу, муктаждарга жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, кечээ 1-декабрь күнү Баткен облустук казыяты «Бирик кыргыз» коомдук бирикмесинин колдоосу менен «Нур» балдарды калыптандыруу борборунда тарбияланып жаткан өспүрүмдөргө, «Үмүт-Самаркандек» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын адистештирилген бала бакчанын тарбиялануучуларына, ошондой эле «Аруу-Жан» коомдук фондунун мүчөлөрүнө кийим-кече жана баштыкчалар таратылды.