Баткен шаар-райондук хатибияты муктаждарга 60 миң сомдук кышкы кийим таратты

Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаар-райондук хатибияты Баткен шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен ден соолугу оор абалдагы бейтаптарга кайрымдуулук жардамдарын көрсөтүүдө.

Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында, жардам 20 муктаж үй-бүлөгө таратылды. Ар бир үй-бүлөгө 3 миң сомду түзгөн жалпы 60 миң сомдук кышкы кийим-кечелер  берилди.

«Ислам дини кайрымдуулукка, муктаждарга көмөк көрсөтүүгө чакырат. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Кошунасы ач отурган чакта, ток жаткан адам бизден эмес» деген. Мына ошондуктан мүнкүнчүлүккө жараша муктаждарга жардам бердик. Муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү сыяктуу амалдар өтө сооптуу, ошондуктан башка бир туугандарыбызды кайрымдуулук иштерин аткарууга үндөйбүз. Келечекте кайрымдуулук иштерин дагы да уланта бермекчибиз”, — дейт Абдурашид Юнусов.

Муктаж жарандар көрсөтүп жаткан материалдык жана моралдык жардамдары үчүн Баткен шаар-райондук хатибиятына ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.

Белгилей кетсек, буга чейин да шаардагы «Муъаз ибн Жабал» медресесинин кыздар бөлүмүнө кийим кече жагынан жардамдар көрсөтүлгөн болчу.