Момун-мусулмандардын эсине!

Ардактуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар, кымбаттуу Куран сүйүүчүлөрү!

2023-жылдын 6-7-декабрында саат 9:00 да Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен алгачкы жолу РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН ЖАРЫШЫ уюштурулууда!

Бул күндөрү өлкөбүздөгү Куранды эң мыкты жаттаган жана эң уккулуктуу окуган булбул үндүү жаш карылар күч сынашат! Өткөрүп жибербеңиз!

Дареги: «Имам Сарахсий» борбордук мечити/ Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти 264/3