Профессор Ахмад Тоййиб: «Аль-Азхар университети өзүнүн кылым карыткан тарыхы жана имараттары менен эмес, бүтүрүүчүлөрү менен улуу!»

Шайхул-Азхар, б.а., айтылуу аль-Азхар эл аралык университетинин башкы жетекчиси Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорун, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийин жана Кыргызстан Ислам университетинин ректорун кабыл алды.

Кечээ, 3-декабрь күнү аль-Азхару Шарифтин шейхи, дин аалымы, профессор, доктор Ахмад Тоййиб Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаровду, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевди жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовду кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты. Жолугушууга аль-Азхар тараптан биринчи проректор (вакилул-Азхар), доктор Мухаммад Абдурахман ад-Давииний жана Чет элдик студенттер факультетинин деканы, илимий иштер боюнча иш-кагаздарынын жетекчиси, доктор Абдул-Мунъим катышты.

«Кыргызстандык студенттер үчүн аль-Азхар университетинин эшиги дайыма ачык. Бүгүнкү күнгө чейин аль-Азхар университети жана анын карамагындагы институттар кыргызстандык студенттерге таалим-тарбия берүүдө. Ошондой эле Эл аралык аль-Азхар академиясы да имамдардын, мударристердин деңгээлин жогорулатуу максатында алгылыктуу кызмат кылууда. Аль-Азхардын орток пикирин, таалимин алган бүтүрүүчүсү кайсы жерде болбосун аль-Азхардын жүзү жана өз өлкөсүнүн сыймыгы. Албетте, Кыргызстан менен биргеликте илимий, агартуу иштеринде кызматташууга даярбыз» – деди жолугушуунун алкагында Шайхул-Азхар.

Жогоруда аталган делегация да жылуу маанайда кабыл алганы үчүн Шайхул-Азхарга ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле аль-Азхардын дүнүйө жүзүнө, аны менен биргеликте аша чаппаган, орто жолду карманган,  бүтүрүүчүлөрү жана жиберип турган мугалимдери аркылуу Кыргызстан мусулмандарына да кошкон салымы зор экенин белгилешти.

Египет жергесине болгон сапарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Египет Араб Республикасынын президентинин кеңешчиси,  белгилүү дин аалымы Усама аль-Азхарийди да зыярат кылышты.

Ошондой эле аль-Азхар университетинде окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен атайын жолугушуу уюштурду. Жолугушуунун алкагында Тойгонбай Абдыкаров Кыргызстандагы дин эркиндиги жөнүндө сөз сүйлөп, бөлөк элде, бөтөн жерде мекенибиздин күзгүсү катарында терс жолдорго барбай, өз маданиятыбызды жана каада-салтыбызды сактоого, ошондой эле салттуу ханафий мазхабын бекем карманууга, экстремисттик көз караштардан алыс болууга чакырды. Азирети Муфтий Замир кары да Кыргызстандагы диний абал жана акыркы жаңылыктар жөнүндө маалымат берип, ага шүгүр келтирүүгө, ынтымак-биримдикке чакырды. Ал эми дин аалымы Абдишүкүр ажы өзүнүн кечээ эле ушул жерде окуп кетсе, арадан бат эле 23 жыл өткөнүн мисал келтирип, жаштык курак менен убакыттын баалуулугун баяндап, атайын окуймун деп келген соң жакшы билим алууга чакырып, илим-билимге шык берди.

Сапардын алкагында, Египеттеги аль-Азхар университети менен Кыргызстан Ислам университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишимдин алкагында аль-Азхар университети Араб тили мугалимдерин жиберип туруу, кыраат илими боюнча адистерин жиберип, Кыргызстандагы Куран жаттаган хафиздерди окутуп, аларга ижааза берүү жана илим-билим жаатында кызматташуу маселелери каралды.