Азирети Муфтий Мисирге жасаган иш сапарынын алкагында кыргызстандык студенттер менен жолугушту

КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана белгилүү дин аалымы, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовдордон турган делегация Мисирге жасаган иш сапарынын алкагында Каирде диний билим алып жаткан жүздөгөн кыргызстандык илим жолоочулары менен жолугушуп, эркин форматта пикир алышты.

Студенттер менен жолугушууда Азирети Муфтий илим алуунун пазилеттери жана илим ээлеринин миссиясы тууралуу сөз кылды.

«Ахли сунна вал-жамаатта ашъарилик жана матуридилик аттуу 2 акыйда мазхабы, ал эми шарияттык 4 мазхаб бар экени жалпыңыздарга маалым. Азыркы учурда акыйдалары бузулган, мазхабсыздык идеясын туу туткан, үммөттү бөлүп-жарган, Имам Ашарий, Имам Матуридий өңдүү залкар аалымдарыбызды сөккөн, жалгыз Аллага ишенген момундарды негизсиз каапыр же мушрик деп эсептеген, бирок ошол бузуку идеологиясын «акыйкат» деп билген бактысыздар бар. Алар өңдүү ислам атын жамынган салттуу эмес агымдар менен терең билим жана тынымсыз үгүт-насаат аркылуу гана күрөшө алабыз. Элибизди алар сыяктуу бузулган агымдардан сактап калыш биздин милдет. Демек, биздердин жана сиздердин озуйпа ары татаал, ары оор», – деп билдирди Азирети Муфтий.