Баткенде 40 баш кой, 10 эчки муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди

Кечээ, 3-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылында башкаларга үлгү болорлук ири саамалык өттү.

Аталган айылда 7 миңден ашуун калк жашайт. Бул айылдын имамдарынын жана “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси менен жалпы 20 үй-бүлөгө, тагыраак айтканда  атасынан эрте ажыраган жетим балдарга 3 төн кой, аз камсыз болгон муктаж  үй-үлөлөргө 1 кой, 1 эчки белекке берилди.

Имамдын айтымында, кайрымдуулук иш-чарасына демөөрчүлүк кылган дал ушул Кызыл-Жол айылынын тургундары. Алардын  кээ бирлери короодогу малын берсе, кээси акчалай жардам колун сунушкан.

Саамалыктын негизги максаты элдин бири-бирине көмөктөшүп, социалдык абалынын жакшырышына өбөлгө түзүү жана берешен, кайрымдуу болууга үндөө болуп эсептелерин имам Кожоали Абазов билдирди.