Нематулла ажы Жээнбеков: «Жараткан жакшы көргөн пенделерин түрдүү сыноолор менен сынайт»

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата «Бирдиктүү багыт» майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Соолубасын үмүттөр — 2023» аталышындагы маданий иш-чарага катышты.

Казы Нематулла ажы Жээнбеков иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык сөзүн айтып, мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга өз белегин тапшырып жатып,

“Сиздер Аллахтын сүйгөн пенделерисиңер, анткени Жараткан жакшы көргөн пенделерин түрдүү сыноолор менен сынайт. Сиздер сыноолорго сынбай, сабыр кылып, төрт мүчөсү аман-соо инсандарга көп учурда үлгүсүздөр. Ошондуктан сиздер өзүңүздөрдү мүмкүнчүлүгү чектелген деп коомдон бөлүп обочолонбой, дайыма башыңыздарды бийик көтөрүп жүрүңүздөр! Аллах Таалам сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, берекелүү жашоо, дөөлөттүү карылык берсин,” — деди.

Иш-чаранын катышуучулары уюштуруучуларга жана облус казысы Нематулла ажы Жээнбековго ыраазычылык сөзүн айтып, ак батасын беришти.