Баткенде мечиттерди каттоодон өткөрүү жаатында жыйын болду

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында Баткен районунун  аймагындагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мечиттер, алардын документ иштери жаатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери менен кеңири талкуулар жүрүп, жаралган маселелер жана кыйынчылыктар туурасында Баткен районунун баш-имам хатиби Абдурашид ажы  Юнусов жеринде маалымат берди.

Жыйын алкагында Абдурашид ажы мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча биргеликте тыгыз иш алып баруу керектигин билдирди. Ошондой эле мыйзам талаптарын так сактоо, КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын аткаруу жана коомчулукту руханий жактан тарбиялоо зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев райондук администрациядагы тиешелүү адистерге жыл соңуна чейин мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрү, тартипке салуу боюнча чукул тапшырмаларды берди.