Баткенде окуучуларды адептүүлүккө багыттаган иш-чара болуп өттү

Баткен шаарындагы Сайдахмад уулу Мирболот атындагы мечиттин имамы Муртаза Акматов шаардагы №3 Айтпай Имаров атындагы мектеп окуучулары менен жолукту. Иш-чарага укук коргоо кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

Иш-чара алкагында окуучуларды коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу, ата-энени, улууларды жана мугалимдерди сыйлоо туурасында кеңири баян айтылып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берилди.

“Буйруса башка  мектептерди да кыдырып, ушул сыяктуу иш-чарларды уюштурабыз. Ниетибиз эртеңки келечек болгон өспүрүмдөргө туура багыт берүү”, — дейт Муртаза Акматов.