Ош шаарынын казысы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кышкы кийим тапшырды

Кечээ, 3-декабрь — эл аралык майыптар күнүндө Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тамак-аш үчүн керектелүүчү азыктарды жана кышкы кийимдерди таркатты.

Бул кайрымдуулук иш-чараларды уюштургандар жана көмөк көрсөткөндөргө дуба кылып, балдардын маанайын бир аз болсо да көтөрүлгөнүн айтып ыраазылык билдирди.

Шаар казысы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуу инсандардан жардам көрсөтүлүп турарын айтып, жоомарт мусулман бир туугандардын иштерине ийгилик каалады.