Баткен казыятынын кызматкерлери Кара-Бак айылындагы мечиттин курулушунан кабар алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов баштаган казыят кызматкерлери Баткен районунун Кара-Бак айылындагы эски мечиттин ордуна курулуп жаткан узундугу 10, туурасы 12 метр өлчөмүндөгү заманбап үлгүдө мечиттин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Аталган мечиттин имамы Максатбек Абдурашитовдун айтымында, элдин санынын өскөндүгүнө байланыштуу намаз окуганы келген жарандар мечитке батпай калышкан. Ошондуктан жаңы мечит салууга туура келген.

Казыят жамааты мечиттин курулушу менен таанышып жатып, мечит элди ынтымакка, биримдикке ыйманга үгүтөөчү жай экендигин баса белгилеп, куруучуларга ийгилик каалады. Ошондой эле мечитке келген мусулман бир туугандарга жакшы шарт түзүп берүү маанилүү экендигин айтты.