Кара-Сууда имамдар тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди

Бүгүн, 4-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө жайгашкан «Аль-Кадри» мечитинин имам-хатиби өз жамааты менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алып, кышкыга көмүр жана азык-түлүк түрүндө жардам берди.

Мечиттин имам-хатиби Камалдин Алимжановдун айтымында, жалпы 30 үй-бүлөгө 160 миң сомдук жардам берилди. Ал жардам колун сунган кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, дуба кылды.

Эскерте кетсек, Кара-Суу районунда жеке имамдар тарабынан да кайрымдуулуктар байма-бай жасалып турат. Анын катарында Папан айыл өкмөтүнө караштуу «Ак-Терек» мечитинин имамы Мисир Турдугулов өз үй-бүлөсү менен 30 муктаж үй-бүлөгө 60 миң сомдук жардам көрсөттү. Ал эми Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Мээнет айылынын имам-хатиби Хамидилла Сайипов 13 үй-бүлөгө 13 миң сомдук жардам көрсөттү.