Талас облусунун казысы «Энелер мектеби» долбоорунун алкагында ата-энелер менен жолугушту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы Э. Капалов орто мектебинин окуучулары жана ата-энелери менен жолугушту.

Жолугушууда облус казысы окуучуларды жакшы билим алууга, мектеп эрежелерин сактоого, мугалимдерди сыйлоого чакырды. Ошол эле учурда ата-энелерге жакшы мамиле кылууга, аларды урматтап-сыйлоого үндөдү. «Алла Таала ыйык Куранда Аль-Исра сүрөсүнүн 23-аятында, “Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буюрду…” деп билдирген. Андыктан илим алгыла, илим, үлгүлүү жүрүм-турум,  адеп-ахлагыңар менен көп ийгиликтерге жетишесиңер», — деди.

Мектеп директору облус казысына ыраазычылык билдирип, мындан ары да тыгыз байланышта иш алып баруу зарылдыгын айтты.

Белгилей кетсек, Э. Капалов орто мектебинин мугалимдери ата-энелер менен тыгыз байланышуу, балдардын тарбиясына көңүл буруу максатында «Энелер мектебин» уюштурушкан.