Ысык-Көлдө шаар-райондордун баш имам-хатибдери жылдык отчёт тапшырды

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков кечээ, 4-декабрь күнү Каракол шаарында облустагы шаар-райондордун баш имам-хатибдерине жылдык отчёт алуу максатында жыйын өткөрдү. Чогулуш Куран окуу менен башталып, өткөндөргө Алла Тааладан ырайым тиленип, эл-жер үчүн дуба кылынды.

Жыйындын жүрүшүндө баш имам-хатибдер жыл ичинде аткарган диний агартуу иш-чаралары, ханафий мазхабын, матрудий акыйдасын элге жеткирүү, жаштар менен иш алып баруу, кайрымдуулук, диний объектилердин эсептик каттоо көрсөткүчтөрү, диний кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, маалымат каражаттары менен кызматташтык, үгүт-насаат иштери, 2023-жылдагы фитир-садаканын муктаждарга жеткирилиши, нике каттоо журналы, аялдар борборлорунун иш-аракеттери, ысырапкорчулук боюнча иш алып баруу жана имамдардын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө отчётторун тапшырышты. Өз кезегинде облус казысы Алмазбек ажы баш имам-хатибдерге кылган иштерине ыраазычылыгын билдирип, тапшырмаларды берди.

“Кылган иштерибизден Жараткан Алла Таала ыраазы болсун. Жыл бою, буга чейин да, мындан ары да элдин тынчтыгы, биримдиги, жаштардын ыймандуу, адептүү өсүшү үчүн канчалаган иштерди аткардыңыздар, аткарасыздар. Келечекте да алгылыктуу, үлгүлүү иштерди аткара бериңиздер. Көптөгөн иш-чараларды өткөрүп жатасыздар. Башкаларга үлгү болуу максатында ошол иш-чараларды маалымат кылып, элге чыгарып туруңуздар. Анткени элибиз имамдарга карап түзөнөт”, — деп сөзүн жыйынтыктады.

Жыйналышта келечекте аткарыла турчу иштер пландалып, эсептик каттодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү тапшырмасы берилди.