Акжол ажы Бакиров: «Илимдин башаты адеп»

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунундагы Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери менен жолугушуп, «Илим алуунун булактары», «Илим жана адеп» аталышында баяндама жасап, ата-энеге болгон сый, мугалимге болгон урмат, ислам баалуулуктары, илим алуунун зарылдыгы жана маалымат чөйрөсүнүн коомдогу орду боюнча лекция окуду.

Аталган жолугушууга аксакалдар кеңешинин дин боюнча кеңешчиси Жумагул ажы Маметов, окуу жайдын тарбия боюнча директордун орун басары Гулжамал Темиралиева жана студенттер катышты.

«Куранда эң эле алгач түшкөн аят «Оку!» деп башталат. Демек ислам дини үйрөнүүгө, билим алууга, маалыматка ээ болууга чакырат. Динибиздеги кырк парздын бири да дал ушул илим алуу болуп эсептелет. Пайгамбарыбыздын (с.а.в): «Бешиктен кабырга чейин илим издегиле» деп айткан сөзү бизди илим-билим алууга чакырып шыктандырат. Илим алууда же кандайдыр бир маалыматка ээ болууда анын негизги булагына көңүл буруу кажет. Кээде исламда болбогон нерсени исламга таңуулашат же тескерисинче исламда бар нерсени жокко чыгарышат. Ушунун баары маалымат булактардан кабарыбыз жок же аз экенин далилдейт», — деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров өз лекциясында.