Жаңы-Жер айылында мектеп окуучуларына терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Бүгүн, 5-декабрда Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы Азирети Али  мечитинин имам-хатиби Ибрахим Бекназаров укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучуларына дин маселелерин түшүндүрүп, экстремизм жана терроризм туурасында маалымат лекциясын окуп, ата-энени, Мекенди, элди-жерди сүйүүгө үндөдү.

“Ыйык Куранда эң биринчи түшкөн аятта “Оку!” деп айтылган. Демек илим алуу, окуу динибизде биринчи орунда турат. Окуган эл озот, дайыма алдыда болот. Илимге жетүүнүн жолдорунун бири бул — мугалимди сыйлоо болуп саналат. Ошондуктан мугалимдерди сыйлоого чакырам. Ал эми экстремизм, терроризм деген түшүнүк менен диндин эч кандай алакасы жок. Себеби пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): “Чыныгы мусулман башка мусулмандарга колу жана тили менен зыян бербейт” деп айткан. Андыктан мусулман адам эч качан башкаларга зыян бербеши шарт”, — деди Ибрахим Бекназаров.