Жалал-Абадда 24 саат Куран окуу саамалыгы башталды

Бүгүн, 6-декабрь күнү “Мусталый уулу Нуркожо ажы” атындагы Ислам маданий борборунда “24 саат Куран окуу” саамалыгы башталат. Иш-чарага Президентин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев баш болгон жетекчилер, мамлекет үчүн, дин үчүн кызмат кылган ардактуу аксакалдар, Ош жана Баткен облустарынын казылары жана жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чакырылды.   

Эске салсак, “24 саат Куран окуу” саамалыгы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев тарабынан демилгеленип, борбор калаабыз Бишкек шаарынан башталган.