Кемин районунда имамга жабдуулары менен ат белекке берилди

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы «Абубакр» мечитинин имамы Азрет Асановго айыл жаштары чогулуп жабдуулары менен ат белекке беришти.

«Пайгамбарыбыз куттуу хадисинде «бири-бириңерди сүйүү үчүн белек бергиле» деп айтылган. Белек беришүү — адамдык сүйүүнү күчөтөт, жүрөктөрдү жибитет. Элибизге жакшылык-жамандыкта кызмат кылып, кайгы-муңубузга шерик болуп, кубанычыбызды тең бөлүшкөн имамыбызга көп нерсе берсек да аздык кылат. Имамыбызды аз да болсо кубанталы деп ушундай белек берүүнү туура көрдүк», — деп билдирди айыл аксакалы Токтобек Калыгулов.