Алмухаммед Мизамидин уулу: “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыктарын камсыздоо биздин милдет”

Кечээ, 5-декабрь күнү  Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алмухаммед Мизамидин уулу жетектеген хатибият кызматкерлери Сүлүктү шаарындагы аярлуу катмар өкүлдөрүнөн кабар алып, алардын ал-акыбалын сурап, акчалай белектерин тапшырып келишти.

“Динибизде алган колго караганда берген кол артык экени айтылат. Аталган сөзгө амал кылуу максатында муктаждарга жардам берүү ишке ашырылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыктарын камсыздоо — бул биздин милдет ”- деп билдирди Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Алмухаммед Мизамидин уулу.