Ажылардын формасы боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 5-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2024-жылдагы ажылык сапарында кийүүчү кийимдерди (жилет) даярдоо боюнча ишкерлердин арасында конкурс өттү.

Сынакка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары жана Убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин кары Атабаев, УРШнын мүчөлөрү жана ишкерлер катышты.

Конкурска 4 талапкер катышып, УРШнын мүчөлөрү сынактын талабына ылайык, кездеменин курамына, сапатына, коюлган нарктамага, ыңгайына, кийимдин тигилишине, дизайнына жана кийимдин өңү-түсүнө баа беришти.

Мындан тышкары тийиштүү документтерин, ажылыкка кийүүчү эркектер жана аялдар үчүн кийимдердин үлгүсүн, ылайыктуулугун карап чыгышты. Жыйынтыгында көпчүлүктүн тандоосу менен ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасы утуп чыкты.