2024-жылдагы ажыларды эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүү милдетин ОсОО «Фарватер» алды

Бүгүн, 6-декабрь күнү Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабы 2024-жылдагы ажылык мезгилинде ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс өткөрдү.

Конкурста ОсОО «Фарватер» ишканасы татыктуу деп табылып, ага 2024-жылдагы ажыларды эмдөө боюнча дарыларды Кыргызстанга алып келүү тапшырылды.