Жалал-Абадда 24 саат Куран окуу саамалыгына старт берилди

Бүгүн, 6-декабрь күнү “Мусталый уулу Нуркожо ажы” атындагы Ислам маданий борборунда “24 саат Куран окуу” саамалыгын облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков өзү баштап берди.

Аталган иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баш болгон облустук жана шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, дин кызматкерлери жана аксакалдар катышты.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, “Өлкөбүздө жасалып жаткан алгылыктуу иштер үчүн Алла Таалага чексиз шүгүрлөрдү айтышыбыз керек. Бүгүн сиз менен биз турган, буйруса 24 саат бою кереметтүү Курандын аяттары окула турган бул жай да өзүнчө чоң тарых. Мамлекет биз үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүп берди. Өлкөбүздөгү дин тутуу эркиндиги жөнүндө айтпасак да белгилүү. Биз мындан ары бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымакта өлкө башчыларына, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө жардам беришибиз керек. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өзү башында туруп башталган “24 саат бою Куран окуу” саамалыгы кыяматка чейин токтобосун! Бизди колдоп куттуктап келген ар бириңиздерден Аллахым ыраазы болсун. Өзгөчө жолдун алыстыгына карабай Баткенден бери келген казы дамлалар, урматтуу аксакалдар, жалпы бүгүнкү саамалыктын катышуучулары, биз сиздерге ыраазыбыз”, — деди.

Кыргызстандын тарыхында экинчи жолу ишке ашып жаткан бул саамалык иш-чаранын катышуучуларын кубантты. Баткен, Ош облусу жана Ош шаарынын казылары, облустук жана шаардык мекеме ишкананын өкүлдөрү жана аксакалдар өздөрүнүн жылуу тилектерин айтып, “24 саат Куран окуу” саамалыгынын ишине ийгиликтерди каалаап, ак батасын беришти.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаадагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечитте Азирети Муфтийдин катышуусунда «24 саат хатм» кураний саамалыгы жүзөгө ашкан болчу.