ФОТО: Бишкекте республикалык Куран жарыштын биринчи бөлүгү жыйынтыкталды

Бүгүн, 6-декабрь күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен алгачкы жолу РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН ЖАРЫШЫ уюштурулду.

Анын алкагында өлкөбүздөгү Куранды эң мыкты жаттаган жана эң уккулуктуу окуган булбул үндүү карылар күч сынашты.

Эртең, 7-декабрь күнү башкы мечитте республикалык Куран конкурсу жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган жарыштын башкы байгеси — акыркы үлгүдөгү автокөөлүк.