Көк-Кашатта мүмкүнчүлүгү чектелген жаран ак өргөөлүү болду

Талас облусуна караштуу Талас районундагы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиев жана айыл тургуну Осмон Сарымсаковдун демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургуну Эрмек Бактияр уулуна ак өргөө белек кылынды.

Демилгени айыл эли колдоп, жашы-карысы дебей ар бири колдон келген жардамын беришкен жана жалпы сумма 1 млн 200 миң сомду түзгөн. Жалпы аянты 18 сотых болгон үйдүн короосунда жаңы тамдын дубалы тургузулуп, короо-сарайы менен бүткөрүлгөн.

Ак өргөөлүү болгонуна кубанган Эрмек Бактияр уулу: «Баардык айыл элине ыраазычылык билдирем. Аллах ыраазы болсун. Сүйүнгөнүмдөн уктай албай чыктым», — деди кубанчын жашыра албай.

Мындай жакшы саамалыкка облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев да катышып, Көк-Кашат айылынын тургундарына ыраазычылык билдирди.

Казыяттан билдиришинче, айыл элинин ынтымагы бекем. Буга чейин да айыл имамын ак өргөөлүү кылышкан. Облус казысы мындан ары да эл ынтымагы бекемделе берсин деп тилек айтып, демилгечи Сарымсаков Осмонго казыяттын атынан Ыраазычылык баракча тапшырды.