Баткенде дагы бир имамга автоунаа белек кылынды

Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Токтогул Баба» мечитинин имам-хатиби Сапарбай Акматовго аталган айылдын эки ишкери тарабынан Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди.

Сапарбай Акматов имам-хатиб кызматын 34 жылдан бери аркалап келет. Учурда дин кызматкерлеринин арасында талбай, өз ишин жоопкерчилик менен аткарып келет.

«Эмгегибизди баалап, унаа белек кылган жамаатыма, ишкер жигиттерге ыраазычылык билдирем. Кызматыбыз Жараткандын ыраазычылыгы үчүн. Сиздердин белек ишибизди жеңилдетип шыктандырат. Элибизде тынчтык, өнүгүү жакшы жаңылыктар көп болсун. Жараткан ыйманыбызды саламат кылсын», — деди Сапарбай Акматов. 

Эскерте кетсек, буга чейин Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын имам-хатиби Жусуп Кудайбердиевге достору автоунаа белек кылышкан болчу.