ФОТО: Республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан республикалык Куран жарышы бүгүн, 7-декабрь күнү жыйынтыкталды.

Куран саамалыгына КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров баштаган мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, ЖК депутаттары, мекеме-ишкана жетекчилери, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган КМДБ жамааты, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап  кары Масалиев жетектеген АК мүчөлөрү, дин аалымдары, карылар, дин кызматкерлери, ошондой эле Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради баштаган ардактуу коноктор катышты.

Борбор калаада уюштурулган Куран жарышта Салех Ахмад Салех Ал-Жаади, Анарбай кары Курбанбеков, Рахматулла кары Бектемиров, Имамали кары Тажибаев жана Асылбек кары Таштемировдор калыстык кылышты.

2 күнгө созулган республикалык Куран конкурсунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

Кооз окуу боюнча:

3-орун — Абдумалик кары Ташматов (Бишкек шаары), 1500 АКШ доллары

2-орун — Муса кары Сулайманов (Баткен облусу), 2000 АКШ доллары

1-орун — Сайфулла кары Шамов (Чүй облусу), 2500 АКШ доллары

10 пара боюнча:

3-орун — Салман кары Сыдыков (Талас облусу), 2000 АКШ доллары

2-орун — Билал кары Ташполотов (Баткен облусу), 2500 АКШ доллары

1-орун — Мухаммадрафук кары Юлдашбаев (Ош шаары) — 3000 АКШ доллары

30 пара боюнча:

3-орун — Мухаммадюсуф кары Азимов (Ош облусу), 4000 АКШ доллары

2-орун — Абдулазиз кары Хакимбеков (Чүй облусу), 6000 АКШ доллары

1-орун — Дастанбек кары Эркинбек уулу (Талас облусу), акыркы үлгүдөгү автокөөлүк

Ал эми байгелүү орунга илинбей калган конкурсанттарга сертификат жана 100 АКШ доллары берилди. Мындан сырткары карылардын авиабилеттери, мейманканалары жана тамак-ашы демилгечилер тарабынан камсыздалды. Белгилей кетсек, Куран конкурсун өткөргөн уюштуруу тобуна, жакындан көмөк көрсөткөн Абдулла кары Акпарали уулу баштаган башкы «Имам Сарахсий» мечитинин жамаатына жана INNOVA банкеттик холлдун жетекчилигине КМДБнын Ардак грамотасы тапшырылды.