Каракол шаарынын баш имам-хатиби Ысык-Көл ОИИББдин кезектеги жыйынына катышты

Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант Сабриков ИИМдин Ысык-Көл облустук ОИИББиндеги атайын даярдыктан өткөн кызматкерлерине багытталган жыйынга катышты.

Жыйында баш имам-хатиб жалпы ислам дини, үй-бүлө маселери, бала тарбиясы, ханафий мазхабынын, матрудий акыйдасынын тарыхы тууралуу баяндама жасады. Андан сырткары адилеттүүлүк, ишине так болуу темаларына токтолду.

“Куранда Алла Таала “Чындыгында Алла өзүлөрүндөгү нерселерди өзгөртмөйүнчө ал коомду өзгөртпөйт” деген. Урматтуу бир туугандар, эгерде коомдун өзгөрүүсүн кааласак, анда эң оболу өзүбүз өзгөрүшүбүз зарыл. Үй-бүлөдө кандай ата болуу керектиги боюнча пайгамбарыбыз толук үлгү боло алат. Ал балдарына эң туура тарбия берип, аялдарына эң жакшы мамиле кылган жана үммөтүнө, “менин силерге айткан аялдарыңарга жакшы мамиле кылгыла деген осуятымды кабыл кылгыла!” деп насаатын айткан”, – деди баш имам-хатиб Талант Сабриков.

Жыйын коомдук жашоого байланыштуу тема болгондуктан, кызыктуу өтүп, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.