Жаңы-Талап айылында мечит толук ремонттон өткөрүлүп, имамга кылкуйрук жана умрага жолдомо белек кылынды

Бүгүн, 11-декабрь күнү Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын Жаңы-Талап мечитин толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрадан пайдаланууга берилди.

Аталган  ич-чарага Нарын облусунун казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев жана айыл аксакалдары менен элеттин демилгечи жаштары катышты. Алгач Кумарбек Орозалиев сөз алып, айылдын түрө көтөрүлүп жасаган иштерине жалпы дин кызматкерлеринин атынан ыраазычылыгын билдирүү менен жакшылыкта ат салышкан айыл тургундарына облустук казыяттын ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Мындан сырткары айыл аксакалдары менен жаштары сөз сүйлөшүп, канча жылдан бери жакшылык-жамандыкта кызмат кылып келе жаткан мечит имамына бир кыл куйрук белек кылуу менен ыйык сапарга (умра) жолдомо сертификатын тапшырышты.

2023-жылдын октябрь айынын башында Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы «Жаңы-Талап»мечитинде мечиттин ички-тышкы чоң  ремонтун жасоого имам Рахманкул Саткынов демилге көтөргөн. Имамдын демилгесин айыл аксакалдары жана жаштары жапырт колдоп, өз чөнтөктөрүнөн мал жана акчалай түрдө каражаттар чогултулуп баштаган. Чогулган каражатка керектүү курулуш материалдары буйрутма менен жума сайын алынып келип, мечиттин оңдоп-түзөө иштери башталган.

Анын алкагында мечиттин  ички-тышкы ремонту, темир конструкциясы менен айбанчасы, имамдын иш бөлмөсү, мечиттин  короосуна брусчатка, даараткана менен үжүрөкананын ичи-тышы, саркынды суу куюла турган септик, мечиттин жалпы жарыктандырылышы жана видео көзөмөлү менен мечиттин айланасын тосуу жана жашылдандыруу иштери аткарылды.

Облустук казыяттан билдиришинче, 19 жылдын ичинде кичи ремонт иштери жүрүп жатканы менен демөөрчү табылбай келгенине байланыштуу, масштабдуу ремонт иши боло элек болчу.

Буга чейинки кичи ремонттор:

2018-жылы айыл жаштарынын демилгеси менен даараткана жана үжүрөкана салынган.

2020-жылы 20-жылдык классташтардын демөөрчүлүгү менен  жылуулук системасы (паровое отопление) коюлган.

2017-жылы мечитке тиешелүү документтер (гос.акт), заключениясы жалпы документ иштери толук бүткөн.

Ошондой эле айыл жашоочуларынын бири каза болгон жакынына бере турган ашка делген 100 миң сом акча  каражатына мечиттин чоң залына калың килем салып берген болсо, ушул эле айылдын дагы бир тургуну мечиттин чоң залынын үстүңкү катмарын жылуулап, жаңыртып берген.

2021-жылы чет жерде иштеген айыл жашоочусу демөөрчүлүк кылып, мечиттин жыгач эшик-терезелерин, пластик эшик-терезелерге алмаштыруу үчүн акчалай жардам кылган.

Белгилей кетсек, Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында жайгашкан «Жаңы-Талап» мечитинде 1999-жылдан бери Саткынов имамдык милдетти аткарып келет.