Алимбек Маматаминов: «Үзгүлтүксүз сооп жетип турган садакаларды жасайлы»

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Кызыл-Эшме айылында эл менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби КР Президентинин ПЖ 54-Жарлыгын ишке ашыруу максатында, той-аштарда, ар кандай мааракелерде ысырапкерчиликке жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүп, ыксыз чыгымдар ислам шариятында тыюу салынган иш экендигин белгилеп өттү.

«Кайыр-садака эки түрдүү болот, үзгүлтүксүз сообу жетип туруучу жана кадимки кайрымдуулук садака. Биз үчүн токтоосуз сооптор уланып турган жол оңдоо, суу чыгаруу жана көпүрө курууга окшогон жалпыга керектүү садаканы аткарууга аракет кылуубуз керек. Себеби аны аткаруу менен бул дүйнөдө элибизге, өлкөбүзгө салым кошобуз жана акыретте улуу даражаларды таап, өткөн маркумдарга кубаныч тартуулайбыз”, — деди Алимбек ажы Маматаминов.