Акжол ажы Бакиров: “Мечиттин кооздугу жасалгада эмес, балким ичи толгон жаматта”

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алтын-Булак айыл аймагында жайгашкан мечит жаңыланып, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.

Саамалыкка Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, «Имам аль-Бухарий» институтунун ректору Абдирахман кары Атабаев, жергиликтүү бийликтин жана мечитти жаңылоодо демөөрчү болгон “Ассалам” фондунун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган мечит архитектуралык талапка жооп берип, заманбап, бардык шарттар менен камсыздалган.

Райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров “Ассалам” фондуна ыраазылык билдирип, жергиликтүү элди беш убак намазды мечитте окуп, абад кылууга чакырды.

“Мечит кургандар мойнундагы милдетинен кутулду. Аларга Жараткан эсепсиз соопторду берет. Ал эми биз, жергиликтүү эл ушул нерсени кадырлап, берилген нээматтарга шүгүр кылып, беш убак намазыбызды мүмкүн болушунча ушул мечитте окууга аракет кылалы. Анткени мечиттин кооздугу ар түрдүү жасалгаларда эмес, балким ичи толгон жамаатта”, — деди Акжол ажы Бакиров.